http://www.ktrk.kg/Каптал-Арык айылында сүттүн баасы 2 сомго жогорулап кетти

Каптал-Арык айылында сүттүн баасы 2 сомго жогорулап кетти

27 Май , 16:24 259

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында сүттүн баасы кайрадан түшүп кетти. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев "Ак-Сүт" сүттү кайра иштетүү заводунун иши менен таанышканы барганда, сүттү сатып алуунун баасын жогорулатуу керек, -деген эле. Ошондон кийин Каптал-Арык айылда сүттүн баасы эки сомго жогорулаган эле. Бирок 2 жумадан кийин 19 сомдон 17 сомго түшүп калган. 2 сом болсо да тыйын тыпырга жарайт эле. Муну кандай түшүнсө болот? Бир чара көрбөсө болбойт, -деген автор "Элдик репортерго" кайрылган.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате