http://www.ktrk.kg/Тынчтык конушу: Автобустун айдоочулары иш таштоодо

Тынчтык конушу: Автобустун айдоочулары иш таштоодо

27 Май , 17:08 253

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Тынчтык жаңы конушунун жолунун начарлыгынан автобус, маршруткалар иш таштоодо. Канча жолу конуштун тургундары өз каражаттары менен шагыл төгүп келишет. Бирок жаан-чачындан кийин эле баягы кейпине түшүп калат. 

Бул жакта автобустардан №9 жалгыз каттайт. Балдарбыздын баары мектепке ушул автобус менен барып келишет. Эми автобус да каттабай жатат, жолунар начар деп. Жолубузду асфальт кылып берсеңиздер жакшы болот эле, канча жылдан бери ушундай абалда келе жатабыз. Айыл өкмөтү бул маселени чечип бербей жатат, -деген конуштун тургуну Бахтияр Асанов.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.





Новости по дате