http://www.ktrk.kg/Каракол шаардык мэриясы ишкерлерге шарт түзүүдө

Каракол шаардык мэриясы ишкерлерге шарт түзүүдө

25 Фев , 13:35 1749

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Каракол шаардык мэриясы жергиликтүү жана башка жактан келип иштей турган ишкерлер менен түз жана конструктивдүү диалог курууга кызыкдар. Мындай билдирүү быйыл экинчи ирет өтүп жаткан бизнес-форумда айтылды. Бул форум Каракол шаарынын инвестициялык тараптан жагымдуулугун жана социалдык экономикалык көйгөйлөрдүн эффективдүү чечилиш жолдорун издөөгө багытталган. 

Форумдун жүрүшүндө аймактын ишкерлери орто жана чакан бизнесте өздөрүнүн өнүгүү тажрыйбасы менен бөлүшүп, туризм тармагындагы эң орчундуу көйгөйлөрдү талкуулап чыгышты. Мындан сырткары, В2В форматында, жергиликтүү ишкерлердин соода жана консалтинг тармактарында потенциалдуу өнөктөштөр менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү берилди. Форумга жергиликтүү ишкерлер өздөрү чыгарган продукцияларын дагы ала келишкен.

"Биздин шаардын бюджети жергиликтүү ишкерлердин аркасы менен чогулат. Алар кандай ийгиликтүү иш алып барса, өнүгүп өссө биздин шаарыбыз да ошончо өнүгүп өсөт. Форумдун жүрүшүндө ар түрдүү багыттагы маселелер козголду. Алардын чечүү жолдорун бирге издеп таап атабыз. Биз ойлойбуз ишкерлер менен конструктивдүү диалог болуп жатат деп",- дейт Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов.  

"Келечекте биз кандай иш жүргүзүп кете алабыз, ошону да талкуулап атабыз. Бул жерге бүткүл дүйнөлүк банктын, башка банктардын өкүлдөрү да келишкен экен. Алар менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алар дагы сунуштарын айтып кайсыл долбоорлор колдоого ээ болоорунан кабар берип жатышат. Негизи форум өз максатына жетип жатат,- деди Каракол эт ишканасынын жетекчиси Бурулсун Ырыскулова.

Новости по дате