http://www.ktrk.kg/ШКУ: туризмди өнүктүрүүгө арналган форум өтөт

ШКУ: туризмди өнүктүрүүгө арналган форум өтөт

25 Фев , 16:29 1466

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаада ШКУ өлкөлөрүнүн жаштарынын башын бириктирген форум өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, "Туризмди өнүктүрүү" аталышындагы иш-чара 26-28-февраль күндөрү уюштурулат. 

Анда катышуучулар тийиштүү мамлекеттик орган, туристтик компаниялар менен биргеликте аталган тармактагы маселелерди талкуулайт. Тажрыйба алмашууга, ШКУнун аймагында ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган форумга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистандан келген жаштар чогулат.


Новости по дате