http://www.ktrk.kg/Өзгөндөгү Зергер жана Кара-Таш айылдарында таза суу көйгөйү чечилди

Өзгөндөгү Зергер жана Кара-Таш айылдарында таза суу көйгөйү чечилди

26 Фев , 11:05 1864

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөндөгү Зергер жана Кара-Таш айылдарына кайрадан таза суу берилди. Белгилей кетсек, Кум-Бел көмүр кениндеги тоо-кен ишканасынын зыяндуу калдыктарынын кошулуусунун кесепетинен элет эли суусуз калган. Мекемелер аралык комиссия ишканага эскертүү берип, сууну айыл элине жеткирүүнү жандандыруу тапшырмасын берген болчу. 

Компания болсо ишин токтотуп, сууну жашоочуларга унаа менен жеткирип жатышкан. Ишканага жалпысынан 15 түтүк орнотуп, Зергер менен Кара-Таш айылдарына таза суу киргизди.

"Бул каражатка биз 4 техника алдык. Жакында тазалык ишканасын да ачканы турабыз. Ага да 2 техника керек",- деди Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев. 

Новости по дате