http://www.ktrk.kg/Өзбекстандын жеке компаниялары Кыргызстандан картошка сатып алууда

Өзбекстандын жеке компаниялары Кыргызстандан картошка сатып алууда

26 Фев , 11:10 1942

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзбекстандын жеке компаниялары жаңы түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргызстандан картошка сатып ала баштады. Мындай маалыматты “Ала-Тоо 24” каналына Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, Айыл чарба министри Нурбек Мурашев жакында эле Өзбекстанга барганда, ошол өлкөнүн жеке компаниясы менен беш миң тоннага келишим түзүлгөн. 

Мына ошол ишкана Кыргызстандын картошкасын ала баштады. Мындан сырткары, онго жакын жеке компания келишими жок эле келип сатып алууларды жүргүзүп жатат. Наркы 5 сом элүү тыйындан жети сом элүү тыйынга чейин бааланууда. Азыр кыргыз дыйкандары кампаларда сакталып турган 50 миңден ашык тонна картошканы сата албай жатат. 

Белгилей кетсек, казак тарап Кыргызстандан ташылып жаткан картошкадан курт чыгып жатканын айтып, 19-февралда өз өлкөсүнө киргизүүгө чек койгон. Азыр Өзбекстан баасы арзан картошканы Пакистандан алууда.

Новости по дате