http://www.ktrk.kg/Алименттен качкандарды чет өлкөгө чыгарбоо демилгеленүүдө

Алименттен качкандарды чет өлкөгө чыгарбоо демилгеленүүдө

26 Фев , 11:49 507

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда Үй-бүлө кодексине жана «Сот аткаруучулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, алимент төлөбөгөндөрдүн чет мамлекетке чыгышына тыюу салуу боюнча демилге көтөрүлдү. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева сунуштоодо. 

Эл өкүлүнүн айтуусунда, үй-бүлө кодексинде алимент төлөбөгөндөрдү чет өлкөгө чыгарбоо боюнча жобо жок. Бирок башка чет өлкөлөрдө алименттен качкандарды чет мамлекетке чыгарбоо боюнча мыйзам жакшы иштеп жатат. Эл аралык тажрыйбаны карасак, тыюу салуу эрежелери жакшы иштейт экен, - деди Мамашева.

Эл өкүлүнүн маалыматына караганда, учурда 40 миңден ашык жаран алимент төлөбөй жүрөт.

Новости по дате