http://www.ktrk.kg/Санитардык талаптарды сактоо менен гана балдын сапаты көтөрүлөт

Санитардык талаптарды сактоо менен гана балдын сапаты көтөрүлөт

27 Фев , 14:56 1215

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бардык санитардык талаптарды сактоо менен гана балдын сапатын көтөрсөк болот. Мындай пикир Ысык-Көл облусунун балчылары үчүн уюштурулган семинар кеңешмеде айтылды. Ысык-Көл облусундагы балчылар жылына беш жүз тоннадан ашык бал өндүрүшөт. Бирок, алардын баары эле экспортко кете бербейт. 

Себеби, бал өндүрүүдө айрым балчылар ишин жакшы өздөштүрө албай, кеп-кеңештерге, заманбап технологияларга муктаж. Мындан улам, балчылар биригип, иштин көзүн мыкты билген адистер менен пикир алмашуусу уюштурулган. Белгилей кетсек, азыр Ысык-Көл облусу боюнча миңге жакын балчылар каттоодо турат.

"Эң биринчиден биз бал челектерде кандай иш жүргүзүш керек экенин айтып жатабыз. Муну менен катар тамак аш коопсуздугу боюнча иш жүрүп жатканын түшундүрүп жатабыз. Биз мындан кийин ар бир балчыга барып дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө аракет кылабыз. Алардан биз ветеринардык санитардык паспорт болуусун карайбыз. Керек болсо аны кантип алуу керектигин көрсөтөбүз. Алар ошол талаптарды билбей эле кемчилик кетирип жатышы да мүмкүн. Маалыматты кенен, түшүнүктүү кылып жеткиргенге аракет кылабыз. Бул иштерде албетте жергиликтүү администрациялардын, көзөмөл органдарынын жардамы керек болот",- дейт эксперт Марина Дубовикова.

"Семинардын жүрүшү биздин балчылар үчүн абдан керектүү, пайдалуу болуп жатат. Анткени донор уюмдардын жардамы менен мындай семинар биринчи ирээт уюштурулуп жатпайбы. Мунун эң биринчи эле максаты Ысык-Көл балчылары өндүргөн бал продукциясы баардык талаптарга жооп берсе, ошондон жакшы пайда табышса деген эле аракет",-деди Ысык-Көл балчылары коомдук бирикмесинин башчысы Асхат Галиев.

Новости по дате