http://www.ktrk.kg/Чарбачылыктын көзүн тапкан фермер

Чарбачылыктын көзүн тапкан фермер

27 Фев , 22:46 3575

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Таасынбек Токтоналиев көп жылдан бери бука байлап, семиртүү менен чарбачылыктын көзүн тапты. Айылдык ишкердин короосунда азыр жүздөн ашык бука бар. Алар өзгөчө асыл тукум жандыктар эмес. Кадимки Нарындын шартына бышкан малдын тукуму.  

Ишкер ишин 20 жыл мурда баштаган. 90-жылдары анын үй бүлөөсү каражаттан кыйналганда, айдап жүргөн “жигули” автоунаасын 20 миң сомго сатып жиберген. Андан соң анын акчасына торпок алып байлай баштайт. Алты айдан кийин акчасы эки эсе пайда алып келген. Кирешенин даамын таткан ишкер ошондон бери малынын санын көбөйтүүнүн үстүндө.


Новости по дате