http://www.ktrk.kg/Москвадан Бишкекке наристелер алынып келинди

Москвадан Бишкекке наристелер алынып келинди

29 Май , 11:05 397

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Москвадагы ымыркайлар үйүнөн 6 айдан 1,5 жашка чейинки алты наристе 27-майда Бишкекке алынып келинди. Алардын бирөө туугандарына жайгаштырылды. Ал эми калган наристелердин жакындарын, ата-энесин издөө иши башталды.

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди. Балдарды алып келүү Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери 98 ата-энеси таштап кеткен наристе, анын ичинен 2018-жылы 16, 2019-жылы 6 бала кайтарылган.

Новости по дате