http://www.ktrk.kg/Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат

Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат

28 Фев , 22:39 500

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте “Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” конференциясы уланды. Кечээ күнү башталган конференцияны Президент Сооронбай Жээнбеков ачып, жыйындын максаты аймактарды өнүктүрүүгө тоскоол болгон жагдайлар, аларды чечүүнүн жолдору жана жалпы аракет менен элетти өнүктүрүү экенин белгиледи. Бүгүн да аймактарды көтөрүүгө түрткү боло турган тармактарды өнүктүрүүгө жалпы аракетти жумшайлы деген демилгелер көтөрүлдү. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аймактарды өнүктүрүү жылында жасалган иштер тууралуу баяндама жасап, быйыл аткарыла турган милдеттерге да кенен токтолду.

Өлкө калкынын дээрлик 70% элетте жашайт. Мындан улам аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынан. Өкмөт Аймактарды өнүктүрүү жылында атайын программага элеттин олуттуу делген маселелелерин камтып, чечүүгө аракет жумшады. Натыйжалуу жыйынтыктар бар. Аймактарда былтыр 156 социалдык объект курулду, инфраструктураны жакшыртууга 150 миллиард сом бөлүндү. Муну менен катар Аймактарды өнүктүрүүгө миллиард сом каралды жана Аймактарды өнүктүрүү фондунан 179 долбоор каржыланган. 5,8 миллиард сомго насыя берилди, -деди Премьер-министр. 

Өкмөт быйыл дагы Аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Бул ирет кеңири багыттагы иштерди аткаруу максаты коюлууда. Өлкө башчысынын жарлыгы менен быйылкы жыл да “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылы деп жарыяланды. Бул максатта бюджетте 2 миллиард сом каралды. 

Аймактарды өнүктүрүүгө ишенимдүү кадам ташталып, натыйжалуу иштөө талабы коюлуп жаткан соң жергиликтүүбийликтин укуктарын бекемдөө зарыл-деди Премьер-министр. Элеттеги көйгөйлүү маселелерди чечип, айыл турмушун көтөрүү айыл өкмөт башчыларынын милдети. Себеби айыл өкмөттөрдүн башчылары аймактардын маселесин тереңинен билет жана аны чечүүнүн жолдорун камсыздай алат. 

Албетте бүгүнкү күндө жергиликтүү бийликте ыйгарым укук жетиштүү. Маселен алыскы Ала-Бука районуна караштуу Ак-Там айыл өкмөтүндө акырындык менен социалдык маселелер чечилип жатат. Эки жылдан бери айыл өкмөт башчысы болуп иштеп жаткан Мирлан Камчыбеков Кызыл-Ата айылында бала-бакча, Жапа-Салды айылында ФАПтын курулушу аяктоо алдында турат, Ак-Там айыл өкмөтүндө таза суу маселеси чечилгенин билдирди. Ошол эле учурда инвесторлорду тартып өз күчтөрү менен да бир топ маселелерди ордунан жылдырууда. 

Бирок айылын өнүктүрүп, элет тургундарынын бакубат жашоосуна шарт түзүп берем деген идиректүү жетекчи үчүн ыйгарым укук деле мааниге ээ эмес экенин ырастаган Премьер-министр ынтымактын болгону да көп нерседен көз каранды экенин баса белгиледи. Айрым аймактарда айыл башчылар менен айылдык кеңештин ыркы кеткендери ошол эле учурда ынтакмактуу иштеп, жаратмандык менен ийгиликке жеткендер бар экенин айткан Өкмөт башчы айыл өкмөт башчылар менен жергиликтүү депутаттардын ортосундагы ынтымак, бирдей көз караш натыйжалуу иштөөгө өбөлгө болоорун айтты. 

Аймактарда чечүүнү талап кылган жыйырма маселе бар. Бул саламаттык сактоо, билим берүү мекемелеринин тартыштыгы, сугат жана ичүүчү таза суу, жолдор, электр энергиясы сыяктуу социалдык көйгөйлөр. Ноокен районунун акими жылдан-жылга калктын саны көбөйүп жатканына байланыштуу айрым маселелерди чечпесе кендирди кесип турат-деди. Маселен курулушу аягына чыкпай турган билим берүү объектилери бар жана медициналык мекемелер жетишпейт. 

Премьер-министр бул багытта реформа башталганын билдирди. Ооруканаларды салбастан, оорунун алдын алууга басым жасоо, ФАПтарды күчтөдөндүрүү, тажрыйбалуу адистерди тартуу маанилүү. Абылгазиев биринчи баскычтагы медициналык тутумду оңдоо айыл жеринде медициналык кызматкерлердин айлыгын 30 миң сомго чейин чыгарууга алып келди -деди. Билим берүү тармагында дагы реформа керек. Ошол эле учурда быйыл аймактарга интернетти жеткирүү жумуштарына басым жасалат. Мектеп, бала бакчаларды салуу менен бирге мугалимдердин тажрыйбасын жогорулатуу, калкты интернет менен колдонууга үйрөтүү иштери да колго алынат. Ошондо гана элеттин эли мамлекеттик кызматтарды электрондук түрдө ала алышат. 

Таза суу жана ирригация да маанилүү маселелердин бири. Сугат суу болсо айыл чарбасы өнүгөт дыйкандар мол түшүм алат. Дал ушул багытта дыйкандар менен фермерлерди колдоо максатында каржы институттары күчтөндүрлөт. Мамлекеттик банктар аркылуу айыл чарбасын каржылоо-7 долбоору ишке ашканы турат. Ал эми ишкерлерге Орус-Кыргыз өнүктүрүү банкы каржы жактан кол сунат. 

Эки күндөн бери өтүп жаткан конференция элеттеги жетишкендиктер менен көйгөйлөрдү ар тараптуу талкуулап, аларды чечүү жолдорун аныктаган мыкты аянтча болду. Алдыда аткара турган милдеттер арбын. Мындан улам Премьер-министр так тапшырмаларды койду. Аткарылган иштери тууралуу жергиликтүү бийликтин жетекчилери Премьер-министрге квартал сайын маалымат бермей болду. Анын жыйынтыгында ишинде мыктылыгын көрсөтө алгандар иштеп, натыйжалуу иштей албагандар жумуштан четтетилет.

Новости по дате