http://www.ktrk.kg/Картошканы чет өлкөгө экспорттоо маселеси март айында чечилет

Картошканы чет өлкөгө экспорттоо маселеси март айында чечилет

28 Фев , 22:37 2018

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев дыйкандар менен жолугушуп, картошканын былтыркы түшүмү быйыл жаңы картошка чыкканга чейин сатыларын убада кылды. Болжолдуу эсеп менен учурда 67 миң тоннадан ашык түшүм сакталып турат.

Картошканы чет өлкөгө экспорттоо маселеси март айында чечилет. Мындай убаданы дыйкандарга айыл чарба министри өзү берди. Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жакын арада Кыргызстанга 10 компнаиянын өкүлдөрү келип, картошка сатып алмай болушту. Быйыл картошкага болгон баалардын төмөн болгону да дыйкандарды түйшүккө салып, эми быйыл өсүмдүктүн кайсы түрүн айдайбыз деген суроо турат.

Баа төмөн болгону жашылча-жемиш ташыгандарга да таасирин тийгизүүдө. Товар өтпөгөн соң аларды сактап турууга туура келип жатат. Андыктан логистикалык борборлорду, сактоо жайларын жана лабораторияларды куруу зарылдыгы да келип чыкты. Министрлик бул маселени да эске алууга убада берип, быйыл болсо буурчак, жасмык жана нокотту көбүрөөк эгүүнү сунуштады.

Бул жолугушууда дыйкандар министрликтен Казакстандын алмасын ташып келүүгө тыюу салууну да өтүнүштү. Бул бир жагынан аткезчиликти күчөтсө, экинчиден жергиликтүү дыйкандардын түшүмүн сатууга тоскоол болууда.

Нурбек Мурашев учурда бул маселелер боюнча Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Андыктан азырынча коңшу өлкөдөн жашылча жемиш ташууга бир жактуу тыюу салуу боюнча так тыянак жок экенин белгиледи. 



Новости по дате