http://www.ktrk.kg/Өспүрүмдөр үчүн кооптуу интернеттеги оюн тууралуу билдирүүлөр тарады

Өспүрүмдөр үчүн кооптуу интернеттеги оюн тууралуу билдирүүлөр тарады

28 Фев , 23:12 1769

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда “48 саатка жогол” деген өспүрүмдөр үчүн кооптуу оюн жайылып жатканы тууралуу билдирүүлөр тарады. Бирок, бул боюнча эч кандай далил жок. Мындай маалыматтын тарашына Бишкек милициясы билим берүү башкармалыгына кооптуу оюндун алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча эскерткен каты себеп болгон.

"48 саатка жогол" деген оюндун эрежеси боюнча, ага катышкан бала эч кимге айтпай эки суткага дайынсыз жоголушу керек экен. Максаты - өзүнүн издөөгө алынганы тууралуу көпчүлүктү кабатыр кылуу. Дайынсыз жоголгон адам жөнүндө милицияга кабар берилип, ал изделип жатканы тууралуу канча көп айтылса ага ошончолук көп упай берилери айтылат.
Мына ушундай кооптуу оюн тууралуу бир катар маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда билдирүүлөр тарады. Бирок, азырынча кабатыр болууга негиз жок. Оюндун кесепети боюнча бир дагы факты катталган эмес. Билим берүү министрлиги дагы ата-энелер менен окуучулар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат. Мындай учурда ата-энелер балдарына тыкыр көңүл бурушу зарыл. Алардын көз карашын, кызыгуусун байкап, сырдашы болууга тийиш. Ал эми жазалоо - жакшы натыйжа бербестигин психологдор эскертет.

Ата-энелер балдарынын жүрүш-турушуна жана алар колдонгон телефондоруна көз салышы зарыл.

Новости по дате