http://www.ktrk.kg/Баткен шаарында таза суу менен камсыздоо жумуштары башталды

Баткен шаарында таза суу менен камсыздоо жумуштары башталды

28 Фев , 23:02 2317

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен шаарынын 2 миңден ашуун кожолугун 24 саат бою таза суу менен камсыздоо жумуштары башталды. Бул жумуштар Европа реконструкциялоо банкы тарабынан бөлүнгөн 4 млн евро акча каражатына аткарылууда. 2020-жылдын май айларында толугу менен бүткөрүлүп, ар бир үйгө эсептегичтер менен таза суу бериле баштайт. Азыркы күндө облус борборунда суу көйгөйү күч. 2 саат гана берилген таза суу шаар тургундарына жетпейт.

Батырбек Тагаев таза суунун туруктуу берилбегендигинен короосуна атайын суу топтоочу жай курган. Ал да ичүүгө жарабайт. Ошондой болсо да күнүмдүк турмуш тиричилиги үчүн пайдаланууга жарап турат. Бул көйгөйлөр жакынкы аралыкта чечилмей болуп, шаарды таза суу менен камсыздоо долбоору башталды.

2020-жылдын май айларына чейин Баткен шаарындагы калк жыш жайгашкан 2 миңден ашуун кожолукка таза суу берилет. Калган 4500 кожолукту ушул эле долбоордун алкагында кийинки жылдары камсыздоо каралган.
Европа реконструкциялоо банкы Баткен шаарын таза суу менен толук камсыздоо үчүн жалпы 29 млн евро каражат бөлөт. Буга шаардын бардык суу тутумдары жаңыланып, буга чейинки таза суу көйгөйлөрүнө чекит коюлат.

Баткен шаарындагы таза суу көйгөйүн чечүү үчүн буга чейин да 2 долбоор ишке ашкан. Бирок, миллиондогон акча каражаттары жумшалганы менен натыйжа анча байкалбайт. Анткени, союз учурунда курулган эски суу түтүктөр алмаштырылбай калган. Азыркы долбоор боюнча бардык суу тутуму жаңыланууда.


Новости по дате