http://www.ktrk.kg/Түптүк эки спортчусу кулатуу боюнча дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышты

Түптүк эки спортчусу кулатуу боюнча дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышты

1 Март , 9:47 671

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Түп районунун Жылуу-Булак айылынын Өмүр баатыр атындагы орто мектебинин окуучулары Бишкекте өткөн кулатуу боюнча Евразия чемпионатында 2 алтын, 3 коло медалды утуп келишти. Бул тууралуу машыктыруучу Нурадил Ордобаев билдирди.

Анын айтымында, чемпионатка алып барган 7 окуучунун экөө чемпион болушту.

«9-класстын окуучусу Бакдөөлөт Калыбаев менен 8-класстын окуучусу Темирлан Бектурганов чемпион болушуп, Ош шаарында өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышты. 9-класстын окуучусу Канатбек Анапияев менен 7-класстын окуучулары Сыймык Бейшекеев, Айтеңир Качкынбаев үчүнчү орундарды ээлешип, коло медалга татыктуу болушту. Алардын жеңиши дагы али алдыда», - деди Н.Ордобаев.

Новости по дате