http://www.ktrk.kg/Кыргызстан ат минип сейилдегенге ылайыктуу мыкты өлкөлөрдүн тизмесинде

Кыргызстан ат минип сейилдегенге ылайыктуу мыкты өлкөлөрдүн тизмесинде

1 Март , 10:43 762

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Америкалык "Forbes" журналы ат минип сейилдегенге мыкты өлкөлөрдүн тизмесин түздү. Бул тизмеге кирген беш өлкөнүн ичинен Кыргызстан үчүнчү орунду ээледи. Рейтинг туристтер менен блоггерлердин пикиринин негизинде түзүлгөн. Макаланын автору Рана Гуддун пикиринде, чыныгы саякат унаа жолу бүтүп, өлкөнүн тоолорун, талааларын, токойлорун кыдырганда башталат. Ал эми ат минип сейилдөө сиз барган өлкөнүн уникалдуу жерлерин көрүп, жаратылыштын кооздугуна суктанууга мүмкүнчүлүк берет деп айткан. 

Кыргызстан чындыгында эле ат үстүндө аймакты кыдырып көрүүнү каалаган чабандестерге арналган. Аталган саякатта көптөгөн жапайы жаныбарларды көрүүгө мүмкүн. Ал жактан боз үйдө же чатырда түнөйсүз. Ошондуктан өзгөчө эс алууга даяр болуңуз, - деп жазат автор. Рейтингде биринчи орунду Калифорниядагы Алисал району алган, экинчи орунда Ямайка турат. Төртүнчү жана бешинчи орунду Аргентина менен Исландия ээледи.

Новости по дате