http://www.ktrk.kg/ИИМ Кайгуул милициясынын кызматкерлерин даярдоого камынууда

ИИМ Кайгуул милициясынын кызматкерлерин даярдоого камынууда

29 Май , 11:50 421

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ички иштер министрлигинин академиясы Кайгуул милициясынын кызматкерлерин даярдоого камынууда. Бишкек шаары үчүн 800 адисти окутуу зарыл. Долбоордун биринчи бөлүгүндө үч айлык окутуу аркылуу 231 кайгуул кызматкери ишке киришет. Мындай иштер мамлекет башчысынын Ички иштер министрлигин реформалоонун алкагындагы тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Жаңы түзүлүп жаткан Кайгуул кызматына алгач 231 тартип сакчысы даярдалат. Бул орундарга ат салышуу үчүн 900дөн ашуун адамдан кайрылуу түшкөн. Арыздар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгында 6-июнга чейин кабыл алынат. Сынактын жүрүшүнө, маектешүүгө Ички иштер министрлигинин гана эмес, коомдук уюмдардын өкүлдөрү да байкоо салат.


Новости по дате