http://www.ktrk.kg/Кичинекей Камилага жардам керек

Кичинекей Камилага жардам керек

1 Март , 21:32 572

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомдук биринчи канал менен "Элим, барсыңбы?" кайрымдуулук фондусу биргелешип уюштурган "Жүрөктөн жүрөккө" долбоору уланууда. Бул ирет 4 жаштагы Камиланын кулагынын угуусун калыпка келтирүү үчүн 29 500 евро керек болууда. 


Төрт жаштагы кичинекей Камила үйдүн улуу кызы. Өзү жароокер, акыл-эстүү. Жайдары жүрүп ойногонду жакшы көрөт. Болгону кулагы укпай калгандыгынан улам сүйлөй албай жатканын айтып ыйлайт апасы.

Камиланы апасы 20 жашында төрөгөн. Кош бойлуу кезимде катачылык деле кетирген эмесмин. Тукумубузда да кулагы укпагандар жок. Эмне себептен ооруп калгандыгына эч түшүнө албайм. Кеч боло электе айыктырып, кызымдын апа деген сөзүн уксам дейт.

Эч кимдин баласы оорубасын. Чүрпөң ооруганда эне байкуш өзүнүн да ооруп кыйналганын унутуп калат. Неберем ооругандан бери ойлоно берип уктай да албай калдык. Жардам сурап барбаган жерибиз калбады. Кудайдан жана кайрымдуу элибизден жардам суроодон башка аргабыз жок дейт чоң энеси.

Новости по дате