http://www.ktrk.kg/Эмнеге элибиз жергиликтүү деңгээлде чечилчү маселени борбордук бийликке айтууга мажбур?

Эмнеге элибиз жергиликтүү деңгээлде чечилчү маселени борбордук бийликке айтууга мажбур?

3 Март , 23:06 460

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ийри отуруп- түз кеңешип, мамлекеттин өнүгүү багытын талкуулап, жер жерлерде орун алып жаткан көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун бирге издөө жана бул багытта системалуу иш алып баруу көптөн бери келе жаткан зарылчылык болчу. 

Президенттен тартып тээ айыл өкмөт башчысына чейин бир жерге чогулуп, жалпы көйгөйдү талкуулоо бир топ жылдан бери өтпөй, унутулуп да бараткан эле.

Бирок бул салт жанданып, узап бараткан апта борбор калаа Бишкек республикалык деңгээлдеги иш-чара “Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог” конференциясын кабыл алды. Ага 1200дөн ашык киши чогулуп, делегаттар бүткүл республика аймагынан келишкен. 

Конференциянын темасы аймактарды өнүктүрүүгө багытталганы бекеринен эмес. Өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, аны менен катар быйыл жана алдыдагы жылдары жер жерлерде кандай иштерди алып баруу керек деген суроого жооптор изделди. 

Талкуунун күн тартибине кирген маселелердин тизмеси өтө эле кеңири. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынан тартып, эл аралык донорлор менен иштешүүнүн жолдоруна чейинки маселелер ортого салынды.

Маселен, конференцияда сүйлөгөн сөзүндө президент Сооронбай Жээнбеков, “эмнеге элибиз жергиликтүү деңгээлде чечилчү маселени борбордук бийликке айтууга мажбур?” суроону койду. 

Суроо кыска болгону менен анын артында бүтүндөй элдин көйгөйү жатат, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн иш аракети, ошол эл көтөрүп жаткан маселени чечүүдө алардын ыйгарым укуктары кандай деген түмөн суроолорго тушугасың.






Новости по дате