http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Окуу китептери жетишпей, окуучуларга кыйынчылык жаралууда

Элдик репортер: Окуу китептери жетишпей, окуучуларга кыйынчылык жаралууда

4 Март , 11:19 75

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын районунун Жалгыз-Терек айылындагы Рысбек Усубалиев мектебинде көп окуу китептери жетишпейт. Учурда 5-класстын окуучуларына алгебра, информатика сабактарынан китеп жок. Мугалимдер жумасына компюьтерден кагаз чыгарып алып, окуучуларга таркатып турушат.  Анысына жума сайын акча берип турабыз. Мектептен берилген китептер айрылып-тытылып көп барактары жок болуп кеткен. Жаңы китептердин сапаты начар. Ушундай шартта балдарыбыз билим алып жатышат. Анан эле окуу китептери бардык мектептерде жетиштүү деген маалыматтарды угуп калабыз. Мындай калптарды жайылткандан көрө, сапаттуу китеп чыгарганга аракет кылышса болот эле деген нааразылыгын калтырган окурман. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18

Новости по дате