http://www.ktrk.kg/Баткенде жер айдоо иштери башталып, дизелдик майга муктаждык күчөдү

Баткенде жер айдоо иштери башталып, дизелдик майга муктаждык күчөдү

5 Март , 23:49 319

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткенде жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүүдө. Бирок дыйкандарды күйүүчү майдын баасы түйшөлтүүдө. 

Учурда жер айдоо иштери башталгандыктан, дизелдик майга муктаждык күчөп, 1 гектар жер аянты үчүн техниканын кызматына 5 миң сомго чейин каражат чыгымдалууда. 

Баткен району боюнча 8 000 гектардан ашуун жер аянтын айдап себүү пландалган. Бул жумуштар июнь айларына чейин толугу менен бүткөрүлүүгө тийиш.

Күйүүчү майга болгон баанын кымбаттыгы дыйкандын башка жылдарга салыштырмалуу чыгымын көбөйттү.

Азыр айдатып, ушул соко, сиелка катты алышы менен 5 миңге чамалап атат. Негизи бизге күйүүчү май арзаныраак болсо жакшы болот.Ишти баштаганыбызда 47 сомдон куйуп аттык эле азыр 45 сом 50 тыйындан куйуп атабыз. Бирок бул да кымбат болгондой болуп атат. Кичине арзандаса бардык эле дыйканга жеңил болот, - деп билдирет Максатбек Оморов.

Кыргызстанда мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору аркылуу Баткен облусу боюнча 72 тонна арпанын үрөөнү 18 коомдук үрөн фонддоруна акысыз берилген. Бул айыл чарбасын өнүктүрүү жана аймактардын тоют базасын чыңдоо ошондой эле калкты таза үрөн менен камсыздоо багытын көздөйт.

Учурда Баткен шаарында дизелдик күйүүчү майдын литри 46 сомдун тегерегинде сатылууда. Бул баа борборго салыштырмалуу 3-4 сомго кымбат. 

Ал эми кошуна Казакстанга салыштырмалуу күйүүчү майдын баасы кымбат болуп жатканынан эл өкүлдөрү арзандатуу боюнча өкмөткө кайрылышкан.

Новости по дате