http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерди вагондор тороп алган

Элдик репортер: Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерди вагондор тороп алган

6 Март , 10:41 68

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Кыргыз темир жолунун” Токмоктогу станциясындагы темир жолун аралап жөө жүргүнчүлөр катташат. Ал үчүн атайын бир чийин жол дагы бар. Бирок качан болбосун ушул жерди вагондор тороп алып, анын айынан  вагондордун алды менен жөргөлөп өтүп турушат. Башка айланып өтө турган жер дагы жок. Негизи ушундай жерлер тургундарын коопсуздугу үчүн ачык турушу керек эле.  

Балалууларды, окуучуларды күнүгө ушул жерден жөрмөлөп өтүп жатканын элестетип көрдүңүзбү? Биздин абал ушундай. Эч ким башын ооруткусу келбейт.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате