http://www.ktrk.kg/ Аялдардын ден соолугун чыңдоо багытында иш чара өттү

Аялдардын ден соолугун чыңдоо багытында иш чара өттү

6 Март , 12:49 546

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Эненин саламаттыгынын чың болушу – дени сак баланын төрөлүшү”. Баланын ден соолугунун чың болуп өсүшүнө ата-эненин саламаттыгы маанилүү экендиги талашсыз. Андыктан, Саламаттыкты сактоо министрлиги кыз-келиндер үчүн 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата “Аялдардын ден соолугунун күнү” аталышындагы акция өткөрдү. 

Мында алар акысыз медициналык текшерүүдөн өтүп, оорунун алдын алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарды ала алышты. Оорунун өтүшүп кеткен чегине жеткирбей дарылоо, дарыгер үчүн да, бейтап үчүн да өмүрдү сактап калууда жеңилдик болмок дешет адистер.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.     

Раткан Асанова, "Биринчи радио"


Новости по дате