http://www.ktrk.kg/Жол кырсыктарын алдын алуу максатында мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүүлүдө

Жол кырсыктарын алдын алуу максатында мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүүлүдө

6 Март , 13:49 452

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Окуучулар катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында республиканын бардык мектептеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Билим берүү министирлиги менен ички иштер министирлигинин биргелешкен буйругунун негизинде билим берүү мекемелеринде атайын класстан тышкаркы сабактар киргизилген. 

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору менен мугалимдер жолдо жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүп, окуучуларды жол эрежесин сактоого үндөп турушат. Ар бир мектепте жогорку класстын окуучуларынан куралган жаш инспекторлор отряды да түзүлгөн. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Новости по дате