http://www.ktrk.kg/БААУ Инновациялык колледжинде ачык эшиктер күнү уюштурулду

БААУ Инновациялык колледжинде ачык эшиктер күнү уюштурулду

6 Март , 14:45 516

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор Азиядагы Америка университетинин алдындагы Инновациялык колледждин ачык эшиктер күнү уюштурулду. 

Ага келген окуучуларга суроо-талапка ээ болуп жаткан жаңы кесиптер тааныштырылды. 

Технологиянын өнүгүшү жашообуздун бардык тармактарында өзгөртүүлөргө алып келүүдө. Пикир алмашуунун жолдору, жашоо тиричилиги жана эмгек чөйрөсү алмашууларга дуушар болууда. 

Адистердин баамында, жакынкы 10 жылдын ичинде 200 жаңы кесип пайда болуп жана 60 кесип жок болот. Дал ушул өзгөрүүлөрдү эске алуу менен инновациялык колледждин уникалдуу окуу планы жаңы кесиптер боюнча өз ишин мыкты билген адистерди даярдоого багытталган.

Санариптештирүү доорунда, санарип экономиканын алкагында жаңы өзгөрүүлөргө даяр болгон адистер керек. Мындай креативдүү ойлонгон, эмгек рыногунда суроо талапка ээ болгон жаштарды чыгарууну максат кылып жатабыз. Бардык эле адамдар жогорку билимге ээ боло албайт, кээ бирөөлөр 18 жашынан эле иштеп баштагысы келет. 9-классты бүткөн мектеп окуучусуна биз сапаттуу, 3 жылдык билимди сунуштай алабыз, - деп билдирди БААУ өнүгүү борборунун директору Елена Барановски.

Техникалык-инновациялык колледж 8 багыт боюнча билим берүү иштерин алып барат.

Инновациялык колледжге тапшыруу үчүн сынактардын биринчи агымы ушул жылдын март жана апрель айларында, ал экинчи агымы июнь-июль айларында болмокчу.


Новости по дате