http://www.ktrk.kg/Москва: балдарды коргоо күнү

Москва: балдарды коргоо күнү

2 Июнь , 11:39 808

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош менен Чүй облусундагы балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары Балдарды коргоонун эл аралык күнүн Москва шаарында майрамдады. Бул күн балдардын эсинде калгыдай, эң сонун деңгээлде уюштурулган. Алар бул күнү шаардагы музейлер менен Кремлди кыдырып, зоопаркка да барышты. Кремль, Кызыл аянт, Чоң театр. Бул жерлерди балдар теледен же кино, китептен эле окуп көрүп жүрбөсө, барсам деген тилеги көөдөнүндө жашап келген. Мына ошол эңсеген жерин кыдырып чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, балдардын эң алгачкы саякаты болуп калды. 

Алардын аруу жүзүнөн, кубанычы менен сүйүнүчү жанып, көргөндөрүн айтып түгөтө албай жатышты. Тарбиячылар бул күнү балдар ушунчалык кубанып жатканын айтып, алардын шаңдуу күлкүсү бир күн кечке жаңырганын жашырышкан жок. Чоң театрда жаңырган оркестрдин аткаруусундагы музыка балдарды башка эле бир дүйнөгө жетелегендей болду. “Оркестр боюнча жол башчы” жана “Жаныбарлар үчүн карнавал” аттуу театралдаштырылган концертке балдар активдүү катышып берди. 

Россиялык балдар фонду постсоветтик өлкөлөрдүн арасында , кайрымдуулук ишин ушул кезге чейин улантып келе жаткандардын бири. Фонд жыл сайын Москва шаарында Россиянын бардык аймагы жана КМШы өлкөлөрүнөн келген жүздөгөн баланы тосуп алат. Бул саамалык быйыл 32-ирет уюштуруп жатат.  Балдардын тилеги менен каалоосу ар тараптуу болот эмеспи. Кээ бири өзү сүйүп окуган китептин автору менен жолугууну эңсесе, алардын басымдуу бөлүгү, эс тарткандан тартып кемип келген ата-эне мээрими менен камкор мамилесин сагынып, күтөт. Балдар үчүн деп уюштурулган маданий программа жыйынтыкталып, аны менен кошо бүгүнкү балдар үчүн жомок өңдөнгөн көрүнүш да аяктады. 2-июнда балдар мекенине, андагы балдар үйүнө кайтат. Бирок , бул күн алардын эсинде түбөлүк калды. 




Новости по дате