http://www.ktrk.kg/Бизнес долбоорлорду каржылоодо айыл чарба багытына басым жасалат

Бизнес долбоорлорду каржылоодо айыл чарба багытына басым жасалат

6 Март , 21:33 344

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөнүн каржы мекемелери, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кепилдик фонду жана "РСК банк" менен "Айыл банк" бизнес долбоорлорду каржылоодо быйыл дагы айыл чарба багытына басым жасамакчы. Төмөндөтүлгөн үстөк пайыздагы насыялар өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, кайра иштетүү жана багбанчылыкка берилет. Бул маселе Президент аталган каржы мекемелеринин жетекчилерин кабыл алуу учурунда талкууланды. 

Жаңы ачылган кайра иштетүүчү ишканалардын саны боюнча өткөн 2018-жыл жемиштүү жылдардан болду. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен курулуш материалдарын чыгарган завод, цемент өндүрүүчү ишкана, кийим жана бут кийим тигүүчү фабрика жана кесме чыгарган завод ишке кирди. Мындан сырткары фонд каржылоосунун басымдуу бөлүгүн айыл чарба багытына бурган. 


Новости по дате