http://www.ktrk.kg/Кыргызстан мобилдик интернет арзан өлкөлөрдүн катарында экинчи орунда

Кыргызстан мобилдик интернет арзан өлкөлөрдүн катарында экинчи орунда

7 Март , 11:44 440

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Cable.co.uk" изилдөө компаниясы дүйнөдөгү мобилдик интернеттин наркы арзан өлкөлөрдүн катарында Кыргызстанды экинчи, Казакстанды үчүнчү орунга жайгаштырган. Жарыяланган тизмеге ылайык, дүйнөнүн 230 өлкөсүнүн ичинен биринчи орунда Индияда турат. Кыргызстанда бир ГБ интернеттин баасы 0,27 долларды түзөт. 

Британдык эксперттер мобилдик интернеттин ар бир ГБтынын орточо баасын доллар менен эсептеп, дүйнөнүн өлкөлөрүндөгү интернет тарифтеринин бааларын эсептеп чыгышкан. Тизмеде 62-орунда турган Францияда бир ГБ интернеттин орточо баасы 2,99 долларды түзгөн. Германияда бир ГБ интернет 6,96 долларды түзүп 140-орунда жайгашкан. Ал эми АКШда бир ГБ 12,37 доллар турат жана 182-орунга жайгаштырылган. Тизменин аягында жакыр жана өнүкпөй калган өлкөлөр жайгаштырылган. Мисалы, Экватордук Гвинеяда бир ГБ интернеттин баасы 65,83 долларды түзүп, 229-орунда, Зимбабведе 75,2 долларды түзүп 230-орунда.


Новости по дате