http://www.ktrk.kg/Сот аткаруучусу пара алып жаткан жеринен кармалды

Сот аткаруучусу пара алып жаткан жеринен кармалды

7 Март , 11:47 392

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Чүй облусуна караштуу Москва районундагы бөлүмүнүн сот аткаруучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. 

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынан билдиргендей, жаран арыз менен кайрылып, ал сот аткаруучусу кыймылсыз мүлкүнүн камакка алынышын жокко чыгаруу үчүн, андан 50 миң сом акча талап кылганын айткан. Сот аткаруучу акча алып жаткан жеринен кармалып, учурда ал убактылуу камакка алынды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Новости по дате