http://www.ktrk.kg/УКМК: террордук уюмдун мүчөсү кармалды

УКМК: террордук уюмдун мүчөсү кармалды

7 Март , 11:52 372

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган эл аралык террордук уюмдун 26 жаштагы мүчөсү кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиргендей, колго түшкөн жаран Ош облусунун тургуну экени аныкталды. 

Ал Сирияда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болуп, атайын жана диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн. Мындан тышкары Сирия өкмөттүк аскерлерине каршы согушка катышканы маалым болгон. Ал башчыларынын тапшырмасы менен КМШ өлкөлөрүнүн бирине террордук иш-аракеттерди уюштуруу максатында Сириядан чыгып барып келген деген маалымат бар. Учурда ал камакка алынды.

Новости по дате