http://www.ktrk.kg/"Бир айыл - бир продукт" аймактарды өнүктүрөт

"Бир айыл - бир продукт" аймактарды өнүктүрөт

7 Март , 23:39 315

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Бир айыл - бир продукт" аталышындагы экологиялык таза азык-түлүк продукцияларын даярдоо жана жайылтуу боюнча сынактын кезектеги жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чара борбор калаада өтүп, ага аймактардан сапаттуу жана экологиялык жактан таза тамак-аш, буюмдарды өндүрүп, кайра иштетүүдө ийгиликке жеткен ишкерлер катышты. Алардын аракети менен Кыргызстанда бренд катары өндүрүлгөн продукциялар коңшу жана алыскы мамлекеттерге таанылууда.

Турсунали Төлөмүшев экологиялык таза азыктан кургатылган мөмө-жемиштин түрлөрүн жасап баштаганына 2 жылга жакындап калды. Ага чейин түшүм дүңүнөн же базарларда арзан баада сатылып кетчү. Чет элдик адистердин жардамы менен мөмө жемишти кайра иштетүүнү өздөштүрүп, азыркы учурда алардын айыл чарба кооперативи 123 гектар жерден 2 миң тоннага чейин өрүк алышат. Анын 300 тоннага жакынын кайра иштетүүдө.

Мөмө жемиштин кайра иштетилгени - ал тазаланып, таңгакталып, канча бир убакыт бир температурада сакталат. Ишкерлер аны сатууга ыңгайлуу болуш үчүн 40-50 граммдан тартып жарым килого чейин атайын баштыкчыларга салышат. Продукция көбүнесе туристтерге сатууга ыңгайлаштырылган. Бүгүнкү көргөзмөгө Арсланбаптын жаңгагы да коюлган.

Иш-чара “Бир айыл - бир продукт” долбоорунун алкагында өтүп жатат. Программа мындан 13 жыл мурун Жапониянын Jica компаниясынын колдоосу менен Ысык-Көл облусунда башталган. Анда жергиликтүү тургундар ар кандай мөмө-жемиштерди кайра иштетип, андан сырткары чийки заттардан нукура, экологиялык таза продукцияларды жасап жайылта башташкан. Бири чычырканактын майын кайра иштетсе, дагы бири кийизден ар кандай буюмдарды жасашкан. 2017-жылы бул долбоор Ысык-Көл облусунун үлгүсүндө башка да дубандарда ишке ашырылып, ар бир облустан бренд катары продукция өндүрүлүп келет.

Өндүрүлгөн продукциялар учурда коңшу өлкөлөрдөн тартып алыскы Жапония, Монголия жана Европа мамлекеттерине экспорттолууда. Жыл санап экологиялык таза азыкты сатып алууга кызыккандар көбөйүүдө. Мамлекет мындан ары да ишкерлерге колдоо көрсөтүп, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү ниетинде.

Сынактын жыйынтыгы менен сыйлыктар “Мыкты сапат”, “Мыкты идея”, “Эң көп сатылган товар”, дизайн жана ишкерликке мыкты салым аталыштары боюнча тапшырылды. Ишкерлерге дем берүү максатында бул өңдүү иш-чаралар жыл сайын уюштурулуп турмакчы. 



Новости по дате