http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Кабат үйдөгү мыйзамсыз курулуш

Элдик репортер: Кабат үйдөгү мыйзамсыз курулуш

8 Март , 13:34 217

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Лермонтов көчөсүндөгү  кабат үйдүн 1-кабатында көптөн бери курулуш иштери жүрүүдө. Ал жерде жашаган тургундарды түйшөлткөн маселе, дүкөнгө ылайыкташкан 5 кабатты кармаган бетон тирөөчтөрдүн алынып жаткандыгы. 

Эгер кокустук болуп кетсе ким жооп берет? Мындай курулушка ким уруксат берген, акыркы убакта кабат үйлөрдүн кулап калып жатканын көп эле эшитип жатабыз. Бирок биздин үнүбүздү уга турган адам табылбай жатат. Баары эле акчанын курмандыгы болуп калгандай. Тезинен ушул курулушка маани берип, тургундардын коопсуздугун эске алынышын суранабыз.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18

Новости по дате