http://www.ktrk.kg/Өзгөндө 2 унаа кагышып, 24 жаштагы кыз ооруканага жеткирилди

Өзгөндө 2 унаа кагышып, 24 жаштагы кыз ооруканага жеткирилди

8 Март , 16:24 323

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөн районунун Жылалды айылында 2 унаа кагылышып, 24 жаштагы кыз ооруканага жеткирилди . Бул тууралуу маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, кырсык саат 18:00 чамасында болгон. Анда Чаңгет айылынын 1991-жылы туулган тургуну М.К. өзүнүн «Сангио Муссо» үлгүсүндөгү унаасына менен келе жатып, Жылалды айылынын 1957-жылы туулган тургуну А.С. айдап келе жаткан «Фольсваген Пассат» үлгүсүндөгү унаасы кагышкан. Натыйжада «Фольсваген Пассаттагы» 1995-жылы туулган жүргүнчү А. кызы А. Жаракат алып, Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилген.

Учурда аталган кырсык боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан тиешелүүэкспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.


Новости по дате