http://www.ktrk.kg/Нарында айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

Нарында айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

8 Март , 16:29 499

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында 8-мартка карата айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. 

Мелдешке Алыш, Дөбөлү, Куйбышев, Миң-Булак айылдарынан жана Нарын шаарынан болуп жалпы 7 команда катышты. Таймаш айымдарды спорттук иш-чараларга тартуу, дени сак жашоого үндөө жана майрамдык маанай тартуулоо максатында уюштурулду.

Жыйынтык:



- 1-орун — А.Тыныбеков командасы;



- 2-орун — Т.Байсалов командасы;



- 3-орун — А.Буйлаш уулу командасы.



Оюндун жыйынтыгында женүүчүлөргө кубок, медаль акчалай сыйлыктар берилсе, мыкты оюнчуларга сыйлоо барактары тапшырылды.

Новости по дате