http://www.ktrk.kg/Паракорчу тергөөчү кармалды

Паракорчу тергөөчү кармалды

9 Март , 20:14 572

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Кыргызстандын жаранынан анын агасына козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн 300 доллар пара талап кылган. 

Бул туурасында тиешелүү арызы менен жарандын милицияга кайрылганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

 Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ИИМдин ички иликтөө кызматы менен УКМКнын тергөө башкармалыгынын кызматкерлери 8-мартка караган түнү шектүүлөрдү кылмыш үстүндө кармашкан. 

Кармалгандардын бири УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Териштирүү иштери уланууда.




Новости по дате