http://www.ktrk.kg/Сузак районунда аарычылыкка жакшы көңүл бурулууда

Сузак районунда аарычылыкка жакшы көңүл бурулууда

9 Март , 21:42 316

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сузак районунда аарычылык кооперативи түзүлүп, Украина өлкөсүнөн “Карпат” түрүндөгү аарынын 30 даана энеси алынып келинди. 

Адистердин айтымында, мындай аары балды көп берет. 

Жергиликтүү балчылар учурда бир бал челектен 15-20 кило бал алып жаткан болсо, эми “Карпат” арысынан 50-60 килого чейин алууга болот. 

Сузак району боюнча бүгүнкү күндө 10 700 бал челек бар. Жылына райондон 100 тоннадан ашуун бал өндүрүлөт.

Биздин балчылар бүгүнкү күндө 3 ай бою, башкача айтканда, бир сезондо жакшы болду дегенде бир бал челектен 60 килого чейин бал алып жатат. Ал эми “картап” пародасындагы арынын бир бал челеги эле ошол 60 килону бир тартымда эле берип жатат. Биздин арыдан 2-3 эсе балды көп берет экен. Ушуну жайылталы деп атабыз. Бир кишибизди Алтайдын Барнаул шаарында окутуп келдик, - деп билдирди Сузак райондук айыл чарба башкармалыгынын башчысы Жолдошбай Маткасымов.


Новости по дате