http://www.ktrk.kg/Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү

10 Март , 23:09 151

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү жылы жарыяланганда анын артыкчылыктуу багыттары катары айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана туризм тармагы тандалып алынган. Мына ушул үч багыт боюнча тиешелүү мекемелерге конкреттүү тапшырмалар берилип, анын ичинен айыл чарба жана кайра иштетүүнү, ишкерлердин жаңы долбоорлоруна колдоо көрсөтүп, каржылоо, ошол эле маалда аларга туура бизнес алып барууну үйрөтүү зарылдыгы белгиленген. “Бул жерде каржы-насыялык мекемелер алдыңкы ролду ойнойт”, - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков. 

Өлкө башчысы ушул аптада Кыргыз орус өнүктүрүү фонду, Кемилдик фонду, РСК жана Айыл банктын төрагаларын кабыл алып, аймактардагы бизнести, экспортко багытталган ишканаларды колдоону улантуу керектигин баса белгиледи. Жакында өндүрүштү жандандыруу боюнча атайын программа иштелип чыкмакчы, буга байланыштуу каржы мекемелери өндүрүш ишканаларын каржылоо боюнча өз сунуштарын бериши керек. 



Новости по дате