http://www.ktrk.kg/Бишкекте "40 кыз" долбоору башталды

Бишкекте "40 кыз" долбоору башталды

11 Март , 10:06 530

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн борбор калаада "40 кыз" долбоору башталды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти. Долбоордун негизги максаты — чыныгы кыргыз кызынын нукура жүзүн, кыз кишиге тиешелүү баалуулуктарды коомчулукка көрсөтүү. 

"Долбоорду ишке ашыруу үчүн 40 райондон 17-25 жаштагы 40 кызды тандап алдык. Ар биринин кыргыздын каада-салттан кабары бар. Алар үй турмушуна тың, билимдүү жана коомдук иштерден артта калбаган селкилер", - деп түшүндүрдү уюштуруучулардын бири. 

Ошондой эле, ал сынакка катышкан кыздар элдин алдына боёксуз, нукура жүз менен чыгарын кошумчалады. Бүгүн кыздар "Кыргызтест" мекемесине барып, кыргыз тили боюнча өз билимин текшертишет. 12-мартта "Супара" этнокомплексинде камыр жууруп, кесме кесишет. Ошол эле күнү түштөн кийин жаа атуу боюнча сынактан өтүшөт. 

14-март күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда, улуттук кийим менен кызыл килемден өтүп, сынактын жыйынтыгы чыгарылат. Уюштуруучулардын айтымында, катышуучулар арасында мыктылар тандалып, белектер берилет.


Новости по дате