http://www.ktrk.kg/Айгүл гүлү Аксыда гүлүн ачты

Айгүл гүлү Аксыда гүлүн ачты

11 Март , 10:17 79

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Айгүл гүлү Баткенден башка аймакта да гүлдөйт. Жаздын келиши менен Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жар айылында, үйдө өстүрүлгөн айгүл гүлү гүлдөдү. Үй ээсинин айтымында, айгүл гүлүн 9 жылдан бери үйдө өстүрөт. Быйыл 10-мартта гүл ачты. Гүл абдан назик жана өтө аяр мамилени талап кылат. 

Белгилей кетсек, Айгүл гүлүнүн мекени Баткен облусунун Кара-Булак кыштагы. Гүл өскөн тоо корукка алынып, Айгүл гүлүнүн өзү кызыл китепке кирген. Айгүл гүлү жыл сайын апрель айынын орто ченинде ачылып, май айында гүлдөйт. Гүл ачкан маалда аны көрүү үчүн өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн жарандар атайын келишет.


Новости по дате