http://www.ktrk.kg/“Эл адабияты” сериясынан 40 томдук китеп жарык көрдү

“Эл адабияты” сериясынан 40 томдук китеп жарык көрдү

11 Март , 7:31 274

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Эл адабияты” сериясынан 40 томдук китеп жарык көрдү. Анын ичинде буга чейин жарык көргөн кенже эпостордун бир нече варианты кирип, элдик оозеки чыгармачылыктын бардык жанрлары камтылган. 

Түзүүчү окумуштуулардын айтымында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунан буга чейин эч качан жарык көрбөгөн чыгармалар элге берилди. Мунун баары мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программага бөлүнгөн каражаттын эсебинен чыкты.   

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.    

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"                                                                                                                              


Новости по дате