http://www.ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков: "Санариптик судьялар" мезгилдин талабы

Сооронбай Жээнбеков: "Санариптик судьялар" мезгилдин талабы

11 Март , 15:33 117

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Санариптик судьялар" мезгил талабы. Бул туурасында Президент Сооронбай Жээнбеков соттордун 11-курултайында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Мамлекет башчы белгилегендей, компьютердик сабат — судьялардын кесиптик компетенттүүлүгүнүн зарыл бөлүгү болуп калышы зарыл. Бул тез арада жасала турган иш. Сот системасынын жетекчилиги өздөрү үлгү көрсөтүп, судьялардын бардык ишмердиги электрондук форматка өткөрүлөт деп ишенем, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Сот тармагына 2019-жылга карата былтыркыга салыштырмалуу 38,5 пайызга көп акча бөлүндү. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Судьялардын курултайында билдирди. Мамлекет башчысы тармакты реформалоонун алкагында жылдан-жылга каржылоо көбөйүп жатканын белгилеп, сот-укуктук чөйрөнү жаңылоо өлкөнү өнүктүрүүнүн ажырагыс бөлүгү экенин айтты. Судьялардын 11-курултайында соттордун туура эмес чечимдери көп көйгөйлөрдү жаратып жатканы белгиленди.

“2018-жылга карата 1 млрд 555 млн сомдон ашык акча бөлүнгөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 14,4 пайызга көп. Ал эми 2019-жылы 2 млрд 154 млн бөлүнүүдө. Бул былтыркыга салыштырмалуу 38,5 пайызга жогору. “Саясий эрк бар, каражат таап беребиз” деп айтканмын. Өлкөдө башка муктаждыктар көп экенине карабай сот реформасынан каражат аяган жокпуз. Мугалимдер, медиктер, дагы башка каражатка муктаждар бар. Алардын айлыгы качан гана экономика өнүккөндө жана адилет сот орногондо гана көтөрүлөт”,- деди Мамлекет башчы.


Новости по дате