http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Кочкор районундагы элге ыңгайсыздык жараткан дүкөндөр качан алынат?

Элдик репортер: Кочкор районундагы элге ыңгайсыздык жараткан дүкөндөр качан алынат?

12 Март , 12:32 88

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан универмагдын алдында орнотулган павильондор жергиликтүү тургундардын ары-бери өтүүсүнө жана универмагдын ишмердүүлүгүнө ыңгайсыздыктарды жаратып, элдер өтүүчү жолдо жайгашкан.

"Универмагда иштегендер биринчи дүкөндү көп жылдан бери алдыра албай келсе, эми экинчи павильон да туура эмес, эл өтчү жолго орнотулду. Бул дүкөндөрдү алдырууга эч кимдин күчү жетпей койду. Кочкор районундагы башка павильон, дүкөндөр алынган учурда да, бул павильондорду алдырууга эч кимдин күчү жетпейт. Карапайым жарандардын укуктарын тепселебестен, бардыгына теңдик болсо, тиешелүү адистер жеке кызыкчылыктарын токтотушса",- дейт тасманын автору. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате