http://www.ktrk.kg/Бишкекте "Кырк кыз" кароо-сынагы башталды

Бишкекте "Кырк кыз" кароо-сынагы башталды

11 Март , 22:31 197

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуттук долбоорду ишке ашыруу үчүн 40 райондон 17 жаштан 25 жашка чейинки 40 кыз тандалып алынган. Алар бүгүн кыргыз тилин билүү деңгээлин текшерүү максатында тест тапшырышты. Эртен 12-мартта "Супара" этнокомплексинде камыр жууруп, кесме кесишет. 

Ошол эле күнү түштөн кийин жаа атуу боюнча сынактан өтүшөт. 14-март күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда, улуттук кийим менен кызыл килемден өтүп, сынактын жыйынтыгы чыгарылат. Уюштуруучулардын айтымында, катышуучулар арасында мыктылар тандалып, белектер берилет.



Новости по дате