http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Шапак айылындагы мектептин курулушу бүтпөй жатып, урай баштады

Элдик репортер: Шапак айылындагы мектептин курулушу бүтпөй жатып, урай баштады

12 Март , 11:03 52

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ак-Суу  районуна караштуу Шапак айылында мындан 4-5 жыл мурун башталган жаңы мектептин курулушу белгисиз себептер улам орто жолдо калган. Былтыр 2-кабаты көтөрүлүп, бирок чатыры жабылбагандыктан алдыңкы кабаттын кирпичи карга эзилип, дубалы урай баштаган. Буга кабатыр болгон айыл тургундары ичиндеги карды тазалап турушат. Бул мектептин курулушун айыл эли чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Анткени балдар 70-жылдары салынган эски мектептен билим алууга аргасыз.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18

Новости по дате