http://www.ktrk.kg/Туубаса кемтик оорусу менен төрөлгөн ымыркайлардын саны өсүүдө

Туубаса кемтик оорусу менен төрөлгөн ымыркайлардын саны өсүүдө

12 Март , 11:08 365

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда жылына 150-160 миң бала төрөлсө, анын 3 миңге жакыны 1 жашка жетпей чарчап калат. Алардын 17-18 пайызы туубаса кемтик оорусу менен төрөлгөн ымыркайлар экенин дарыгерлер белгилешүүдө. Анын негизги себептери, энелердин ден соолугунун начардыгы, аз кандуулук жана туура эмес тамактануу болууда. 

Негизинен жаштар үй-бүлө курардын алдында жана балалуу болууну пландоодон мурда, өздөрүнүн саламаттыгынын чыңдыгына көңүл бурушу зарыл. Балдардын дени сак төрөлүшүнө медицина кызматкерлери гана күрөшпөстөн, ата-энелер жана жалпы коомчулуктун да салымыкерек дешет адистер. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.       

Раткан Асанова, "Биринчи радио"


Новости по дате