http://www.ktrk.kg/Өлкөдө тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны өсүүдө

Өлкөдө тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны өсүүдө

12 Март , 11:18 250

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны арбып барат. Эгерде буга чейин үч пайызды гана түзүп келсе бүгүнкү күнү он бешке жетти. Мунун себебин адистер боюнда бар аял өз убагында каттоого турбай, дарыгердин көзөмөлүнөн өтпөгөндүгү менен байланыштырууда.

Жүрөк кемтиги - жүрөктүн жана анын клапандарынын иши бузулушу. Жүрөк кемтигинин тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар. Жүрөктүн тубаса кемтиги түйүлдүктүн өөрчүү мезгилинде жүрөк жана ири кан тамырлардын туура эмес калыптанышынан келип чыгат. Өлкөдө жаңы төрөлгөн миң ымыркайдын ичинен алты же жети бала ар кандай кемтиги менен төрөлөт.

Бул оорунун себептери көп. Эң негизгиси кош бойлуу болгон учурда эненин өзүнө жана ичиндеги түйүлдүккө карата кайдыгер мамилеси. Өзгөчө алгачкы үч айда.

Учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун реанимация бөлүмүндө төрт бала жатат. Аларга жаңы эле операция жасалган... Кандайдыр бир себептерден улам алардын ата-энелери бизге маалымат берүүдөн баш тартты. Бул дартты алдын алса болорун адистер бекемдешүүдө. Ал үчун убагында дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, туура тамактануу керек. Ар кандай жугуштуу оорулардан сактана жүрүү керек.

Көп учурда тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайлардын көбүнүн мүмкүнчүлүгү чектелип калууда. Кыргызстанда алардын саны 30 миңден ашат. Эгерде болочок эне жоопкерчиликти түшүнүп, учурунда туура тамактанып өзүнө аяр мамиле кылып, убагында дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп турса ичиндеги ымыркай да саламаттыгы чың болуп төрөлөт. 


Новости по дате