http://www.ktrk.kg/БУУ тез арада чечилчү беш экологиялык көйгөйдү атады

БУУ тез арада чечилчү беш экологиялык көйгөйдү атады

12 Март , 11:14 266

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бириккен Улуттар Уюму  адамзатты сактап калуу үчүн тез арада чечүүнү талап кылган беш актуалдуу көйгөйдү атады. Тизмеге глобалдык жылуулук агымы гана эмес, азоттон булгануу, синтетикалык биология, экосистеманын биологиялык ар түрдүүлүгү жана климаттын глобалдуу өзгөрүшүнө адам баласынын ыңгайлашуусу жай болуп жатканы кирди.  

Организм жана биологиялык системанын генетикалык материалын өзгөрүүсүн көзөмөлдөөнү колдон чыгарбоо үчүн Бириккен Улуттар Уюму курчап турган чөйрө боюнча программасы, синтетикалык биологиянын иштөөсүнүн такталган эрежесин иштеп чыгууну сунуштайт. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму экосистеманын биологиялык ар түрдүүлүгүн жаңы технологиянын жардамы менен калыбына келтирүүгө чакырат. Бак-дарактарды кыюу, тосмолорду куруу жана башка факторлор жан-жаныбарлардын кырылып жок болуусу, жердин чөлдүү талаага айланышына алып келүүдө. 

Чечүүнү талап кылган дагы бир олуттуу маселе бул-глобалдык жылуулук агымынын күчөшү. БУУ муз ээригенде абага метан менен көмүр кычкыл газ бөлүп чыгаруучу чымдуу саз пайда болот-деп кооптонот. Анын кесепети планетада температуранын жогорулашына алып келет. Ал эми температура көтөрүлгөндө инфекциялык оорулар күч алат. Ошондой эле жаратылыш кырсыктары орун алып, андан сөзсүз адамдар жабыркай турганын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдын алуучу медицина илимий өндүрүштүк бирикмесинин башкы илимий кызматкери Айнаш Шаршенова айтты.

Температура төмөндөсө да, жогорулаган учурда  да инфекциялык оорулар пайда болот. Анан да мурда катталбаган жаңы түрлөрү да пайда болушу мүмкүн. Жаратылыш кырсыктары тез-тез кайталануусунун натыйжасында албетте, кайра эле келип адам баласы эле жабыркайт. Адам дене боюнан гана травма албастан, психологиялык жактан да жабыркайт.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Асел Шамилова, "Биринчи радио"  



Новости по дате