http://www.ktrk.kg/Конституциялык палата менен депутаттардын ортосундагы кайчы пикир жаралды

Конституциялык палата менен депутаттардын ортосундагы кайчы пикир жаралды

12 Март , 14:09 110

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Депутат Исхак Масалиев Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыровго байланыштуу Соттор кеңешинин тартип комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештеги тармактык комитеттин жыйынында билдирди. Ал Мамыровдун соттук өндүрүшкө келе элек, парламентте каралып жаткан мыйзам долбооруна байланыштуу комментарий бергенин сынга алууда. Конституциялык палата менен депутаттардын ортосундагы кайчы пикир “экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууга” багытталган мыйзам долбооруна байланыштуу жаралды.

“Мен Судьялар кеңешинин дисциплинардык комиссиясына кайрылуу калтырдым. Мамыровдун кызмат абалына ылайык келээри каралышы керек. Ал кабыл алына элек мыйзам боюнча өз пикирин айтып салып жатпайбы. Эртеңки күнү ошол мыйзам соттук өндүрүштө каралып калса, эл алдын ала эле жыйынтык чыгарып коет да Конституциялык палата кандай чечим чыгараары боюнча”,- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев.

Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот- укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети "Экс-президенттин кол тийбестигине" байланышкан мыйзамды үчүнчү окууда жактырды. Анда мурдагы мамлекет башчысы президенттик кызматты аркалап турган учурунда, кандайдыр бир кылмыштуу аракеттерге аралашса жана аны жоопкерчиликке тартуу зарылчылыгы келип чыкса, парламенттеги депутаттардын үчтөн экисинин макулдугун алышы керек болот. 

Эгер экс-президент саясий кызматка дайындалган учурда аны мамлекет тарабынан берилген артыкчылыктардан ажыратуу өңдүү толуктоолор камтылган. Эми мыйзам долбоору Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында үчүнчү окууда каралышы керек.



Новости по дате