http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Сапатсыз салынган тротуардын жоопкерчилигин ким алат?

Элдик репортер: Сапатсыз салынган тротуардын жоопкерчилигин ким алат?

12 Март , 14:35 125

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Абдрахманов (Советский) көчөсүнүн жогору жагына былтыр эле салынган тротуар керектен чыгып, упаранып түшө баштаган. Бул тротуарды кимдер курган жана мындан аркы абалына кимдер жооптуу? 

Советский көчөсүнүн жогору жагы. Бул жолго былтыр тротуар салышкан, бүгүнкү күндөгү акыбалы ушундай. Үбөлөнүп түшүп жатат, буга канча деген акча бөлүнгөн ортодон жээгендери үчүн сапаты ушундай начар болуп калган. Булардын үстүнөн көзөмөлдөгөндөр барбы? Кылган иштери үчүн мыйзам чегинде жоопко тартса, мындан ары мындай көрүнүштөр болбойт эле,- дейт шаар тургуну.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате