http://www.ktrk.kg/Ош облусунда сугат иштери башталганга чейинки арыктарды тазалоо иштери жүрүүдө

Ош облусунда сугат иштери башталганга чейинки арыктарды тазалоо иштери жүрүүдө

12 Март , 15:52 167

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Апрель айында же, жазгы талаа иштери менен сугатчылык башталганга чейин, сугат суу берүүчү канал-арыктын баары толугу менен пайдаланууга даяр болот. Бул туурасында Суу чарба башкармалыгынан кабарлашты. Азыркы тапта, Оштогу эки чоң: Ак-Буура, Отуз-Адыр каналдары тазаланып, бузулган аймактарында оңдоо иши жүрүп жатат. 

Алсак, Отуз-Адыр каналынын Ынтымак участкасында эски лотоктор алынып, канал ичи кеңейтилүүдө. Аталган тилке беш жыл мурун тазаланган. Жалпы узундугу 52 чакырымды түзгөн Отуз - Адыр каналынан 14 миң гектар жерге сугат суу жеткирилет. Мындан, Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондорунун тургундары сугат суу пайдаланат.

"Өткөн жылдын октябрынан тартып канал ичтерин тазалоо иши жүрүп жатат. Мындан кийин, суу берүү жакшырат",- деди Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Абибиллаев. 

Новости по дате